Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Президент Инвесткеңештин жемиштүү ишин белгиледи


Өлкө башчысы Курманбек Бакиев бүгүн өкмөт үйүндө өткөн Кыргыз президентине караштуу инвестициялык кеңештин кезектеги отуруму учурунда, Инвесткеңештин өкмөт, бизнес-ассоциациялар жана донорлор менен бирдикте Кыргызстандын бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча эл аралык рейтингин жогорулатуу боюнча жемиштүү ишин белгилеп өттү.
Мамлекет башчысы президенттин жарлыгына ылайык, ишкерликке уруксат берүүчү документтердин жалпы саны 30 пайызга кыскартылгандыгын белгиледи. Андан тышкары, “Ишкерлик субъектилерин текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө” мыйзам долбоорунун тезирээк кабыл алынышына аракет кылуу зарыл экендигин айтты. Ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздоо системасын реформалоо боюнча жумушчу топ мамлекеттин пенсионерлердин алдындагы милдеттери толугу менен аткарылышын камсыздоо, социалдык фонддун кирешесинин булагы болгон бизнес-коомдоштук менен ачык диалог түзүү, социалдык камсыздоо жаатындагы мыйзамдардын салык жана жарандык мыйзамдар менен шайкеш келүүсүн камсыздоо сыяктуу үч маселенин негизинде иш алып баруу керектигин белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.(AJ)

XS
SM
MD
LG