Линктер

шейшемби, 17-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:35

АКШ Түркия менен Арменияны элдешүүгө чакырды


Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун башкы Ассамблеясы учурунда америкалык мамкатчы Хиллари Клинтон Түркиянын жана Армениянын өкүлдөрү менен жекече сүйлөшүп, жакын арада бу эки мамлекет бири-бирине өзгөчө талаптарды койбой, дурус мамилеге өтүшү зарыл экенин айткан. Айрым маалыматтарга караганда, Түркия менен Армения 10-октябрда дипломатиялык мамилелерди түзүү боюнча келишимге кол коюп, чекарасын ачышаары күтүлүүдө. Бирок келишим эң оболу эки өлкөнүн тең парламенттери тарабынан жактырылышы зарыл.
XS
SM
MD
LG