“Балдар укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова мектеп окуучуларынын бирдиктүү формасы боюнча сот процесси 9-октябрга жылганын “Азаттыкка” билдирди. Буга Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн келбей коюшу себеп болгон. Укук коргоочулар Кыргызстанда быйылтан тарта кенже класстардын окуучуларын бирдиктүү формага өткөрүү тууралуу өкмөттүн жардыгы, конституцияга каршы келип, балдардын билим алуу укугун чектейт, деп сотко кайрылышкан. Билим министрлиги өз кезегинде форма боюнча азыр эч кандай проблема жокутугун билдирип келет. (EBM)