Анда Кыргызстанга инвестиция тартуу башкы маселелердин бири катары талкууланууда. Кыргыз-түрк ишкерлер бирикмесинин демилгеси менен өтүп жаткан бул форумду Кыргыз өкмөтүнүн биринчи вице премьер-министри Өмүрбек Бабанов ачты. Ал өз сөзүндө салыктын төмөндүгү жана ишкердикке мамлекеттин ашкере киришүүсүнүн токтотулушу инвесторлор үчүн жакшы жагдай түзүүдө деп билдирди. Бабанов Түркия ишкерлери Кыргызстанда ГЭС курууга, айыл-чарба азыктарын тышка чыгарууга, тоо-кен тармагына, туризмге байланышкан долбоорлорду ишке ашырууга болорун айтты. Форумдагы маалыматтарга караганда Кыргызстанда 400дөн ашык түрк ишканалары аракеттенет. (BuS)