Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

Иран сүйлөшүүлөргө “жакшы ниет” менен барат


Бул тууралуу Ирандын делегациясынын жетекчиси Саид Жалили билдирди: "Биз бул талкууну сыноо жана мүмкүнчүлүк деп билебиз. Биз ага оюбуз түз, ошондуктан жакшы ниет менен баратабыз", - деп билдирди Жалили, Тегерандан Женевага жөнөп жатып. Эртең Женевада Тегеран менен Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия ортосунда сүйлөшүүлөр өтөт. АКШ менен анын Батыштагы өнөктөштөрү “Иран уранды атомдук бомба жасаш үчүн байытып жатат” деп шектенишет. Бирок Тегеран муну четке кагып, уран байытуудан баш тартпай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG