Израил, эгерде уурдалып кеткен жөөт аскери тирүү экенин палестиндиктер далилдей алышса, камактагы 20 палестиндик аялды бошото турганын билдирди. Израил тарап Гилат Шалиттин тирүү экенине ишендирген видео-тасма көрсөтүлүшүн талап кылды. Шалитти үч жыл мурда палестиндик “Хамас” тобу менен байланышы бар делген жикчилер уурдап кетишкен эле. Андан бери аскер жөнүндө бир да маалымат түшө элек.