Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

Cоциал-демократтар президент менен жолугушууга даяр


Бул тууралуу социал-демократиялык фракциянын лидеринин милдетин аткаруучу Иса Өмуркулов “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, фракция президентке кат жүзүндө кайрылып, фракциянын атынан депутат Роза Отунбаеваны кабыл алуусун өтүнгөн. Президент Роза Отунбаева менен сүйлөшүп, аны 28-сентябрда кабыл алууга макулдашкан. Бирок ал ишке ашпай калган. Социал-демократтар мамлекет башчысы менен жолугушууда депутаттык кол тийбестиги алынган Кубанычбек Кадыров, Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткандар, кысымдар тууралуу маалымат берүүгө үмүттөнүшкөн. Бийлик өз кезегинде социал-демократтар менен жолугушууга Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев жана президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Досалы Эсеналиевди дайындаган. Бирок социал-демократтар президент менен түзмө-түз жолугушуу максатын айтып, өкүлдөр менен жолугушуудан баш тарткан.(AiT)

XS
SM
MD
LG