Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Кытай алтымыш жылдык мааракесин белгилөөдө


Өлкөдө коммунисттик бийлик орногонунун алтымыш жылдык мааракесине арналган бүгүнкү майрамдык ири салтанаттарды утурлай башкалаа Бээжиндин борбору жабылды. Шаарда коопсуздук чаралары бир нече апта алдыда эле күчөтүлгөн. Борборду миңдеген полицейлер менен аскерлер кайтарууда. Ал эми Бээжиндеги аскерий парадда Кытайдын бүткүл аскерий кубаты көргөзүлдү. Аянтка каз-катар тизилген жоокерлерден тышкары аскерий техниканын ар кандай түрү, ракеталык комплекстер чыгарылды. Бээжиндин бийликтери шаардын карапайым тургундарына салтанатты көчөгө чыкпастан үйүндө, теледен көрүүнү сунуш кылган. Мао Цзэндундун башчылыгында азыркы Кытай Эл республикасы түзүлгөндүгү 1949-жылдын 1- октябрында жарыяланган.

XS
SM
MD
LG