Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Парламент Гимнди ырдоого милдеттендирди


Жогорку Кеңеш бүгүнкү сессияда Мамлекеттик Гимндин эки беренесине өзгөртүү киргизди. Депутат Зиябидин Жамалдинов иштеп чыккан бул мыйзамга ылайык Бардык мамлекеттик жана Кыргызстанда катталган менчик телерадио компаниялар өз берүүлөрүн Мамлекеттик Гимнден баштап, Мамлекеттик Гимн менен аяктайт. Ошондой эле жарандар Гимнди ырдоого милдеттүү. Парламент кабыл алынган мыйзам президент колдогон шартта күчүнө кирет. (BuS)

XS
SM
MD
LG