Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Парламентте мектептеги рекэтчилик козголду


ЖК депутаты Рашид Тагаев бүгүн сессияда Кыргызстандын мектептеринде талап-тоноочулук күчөп, кырдаал курчуп кетти, кылмыштуу топтордун катары мектеп окуучуларынын эсебинен толукталууда деп билдирди. Бул системага айланды деп эсептеген депутат аны бузуу үчүн 10-20 жылдык мөөнөттү камтыган ырааттуу көзөмөлдөөчү иш-аракеттер керек деп эсептеди. Көз карандысыз уюмдардын иликтөөсүнө таянган депутаттын айтымында ар бир 1000 окуучунун 73-75 пайызы тоноолорго, сабоолорго тушуккан.
Бүгүн парламентке мектеп окуучуларына окшош кийим кийгизүүнү жана мобилдик телефондорду алып жүрүүгө тыюу салууну өкмөткө сунуштаган токтом сунушталды. Мектеп инспектору штатын киргизүү маселеси көтөрүлдү. Депутаттар мектептеги кылмыштуулук маселеси боюнча Башкы прокуратуранын, Билим берүү жана Ички иштер министрлигинин маалыматын угуу демилгесин көтөрүштү.
Өткөн аптада №38 мектеп-гимназиясы менен олимпиадалык резерв мектебинин окуучуларынын ортосунда жаңжал чыгып, ал милициянын күчү менен басылган жана ал окуучулардын жоон тобунун кармалып, камалышын шарттаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG