Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:17

Газ үчүн өкмөт каражат издөөдө


“Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси Саламат Айтикеевдин “Азаттыкка” билдиришинче, газ боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланууда. Кыргызстан газ үчүн Өзбекстанга 18 миллион доллар карыз. Каражат булактары электр станциялары тармагынан караштырылып жатат. Ошондой эле карыздарды чогултуу иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө элдин “Кыргызгазга”болгон карызы 5 миллион долларды түзөт. Саламат Айтикеев жылуулук берүү сезонуна чейин карыздан кутулуп, газды жандыруу аракеттери көрүлөрүн билдирди. Ал эми келерки жылга газ алуу боюнча сүйлөшүүлөр ноябрь айында башталышы күтүлүүдө.(AzK)

XS
SM
MD
LG