Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Ирландияда бүгүн жалпы элдик референдум өткөрүлөт


Анда Евробиримдиктин башкаруу структураларын реформалоону караган Лиссабон келишиминин тагдыры чечилүүсү керек. Былтыркы референдумда ирланд шайлоочулары ал документти четке каккан соң, өлкөгө Евробиримдиктен ал аскерий нейтралитети, кош бойлуу аялдардын аборт жасатуусун чектеген мыйзамы сакталаары, салык маселесинде өз алдынча болоруна кепилдик берилген. Эми ушул кепилдиктер бүгүнкү референдумдун ийгиликтүү аяктоосуна мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Лиссабон келишими күчүнө кириш үчүн Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн баары тарабынан ратификациялануусу керек. Чехия, Ирландия, Польша -биримдиктин мына ушундай кадамга бара элек акыркы өлкөлөрү.

XS
SM
MD
LG