Социал-демократтар фракциясынын депутаты Руслан Шаботоевдин сөөгүн жерге берүү 3-октябрда туулган айылы Эпкинде боло турганын депутат Иса Өмүркулов бүгүн билдирди. Бүгүн Р.Шаботоевге байланыштуу маселе Жогорку Кеңеште каралып, анда ички иштер министринин орун басары Сабырбек Курманалиев маалымат берди. Анын айтымында, 1-октябрда Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылынын аймагында болжол боюнча Р.Шаботоевдин сөөгү табылган. Табылган сөөк кимге караштуу экени бир айдан кийин ДНК-анализи белгилүү болгондо гана ачыкталат. 2008-жылдын 30-сентябрында Бишкек шаарындагы “Майкл” кафесинде отурган Руслан Шаботоевди түнкү саат үчтөр чамасында белгисиз бирөөлөр тышка чакырып кетип, ошол боюнча депутат дайынсыз жоголгон. (КЕ)