Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Алмаз Атамбаев Р.Шаботоев боюнча баарын айткан


Президенттикке мурдагы талапкер, Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев депутат Руслан Шаботоев боюнча укук коргоо органдырынын баардык суроолоруна жооп берген. Бул тууралу Социал-демократтар партиясынын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка караганда, тергөөчүлөр А.Атамбаевдин өзүнө барышып, ага Р.Шаботоевдин өлүмүнө байлыныштуу бир катар суроолорду беришкен. Ага А.Атамбаев укук коргоо органдарынын отставкадагы бир катар адистерин жалдап, өз алдынча иликтөө иштерин жүргүзгөнүн, анын аркасында Р.Шаботоевге байланыштуу абал дайын болгонун билдирген. Эске сала кетүүчү жагдай, мындан туура бир жыл мурда жоголгон Руслан Шаботоевдики делген сөөк 1-сентябрда Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылынын жанында табылды. Анын сөөгү эртең өзү туулган Эпкин айлына коюлмакчы. Бүгүн Жогорку Кеңеште сессия маалында «Ак жол» фракциясынын башчысы Улугбек Ормонов бул кылмыш иши алкагында Алмаз Атамбаевди суракка алууну айткан.

XS
SM
MD
LG