Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Билим берүүнүнүн жарманкеси өттү


Бүгүн Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттинде “Билим берүүнүн жарманкеси - 2009” деген аталыштагы жарманке өттү. “Сорос Кыргызстан” корунун Бишкек ресурсттук борбору тарабынан уюштурулуп жаткан жарманкенин жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келе жатканына быйыл он бир жыл болот. Жарманкенин ачылышында И. Арабаев атындагы университеттин проректору Ө.Козубаев, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Майкл Розенталь, “Сорос Кыргызстан” фондунун директорунун милдетин аткаруучу Кумар Бекболотовдор сөз сүйлөштү.
Жармакеде Pittsburg State University, Univerersity of Galifornia, Los Angeles ж.б. Американын жогорку окуу жайларында, Германияда, Казакстанда кантип билим алууга, мындан сырткары атайын багыттагы ар кыл программаларына кантип катышууга мүмкүндүк алуу, чет өлкөлөрдө билим алууга каражаттык колдоону табуу, баарлашууда ийгиликке жетишүү тууралуу кенен маалыматтар берилди. Бул тууралуу И. Арабаев атындагы университеттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG