Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Руслан Шаботоевдин сөөгү жерге берилди


Социал-демократтар фракциясынын депутаты Руслан Шаботоевдин сөөгү 3-октябрда Ысык-Ата районундагы өзү туулган Эпкин айылында жерге берилди. Бул тууралуу ал жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө Социал-демократтар фракциясынын депутаттары Иса Өмүркулов, Роза Отунбаева, Ирина Карамушкина, Мирбек Асанакуновдор болушту. Ошондой эле ЖК төрагасынын орун басары Чолпон Баекова баштаган "акжолчу" депутаттар Ибрагим Жунусов, Бейшен Абдрасаков, Максат Кунакунов катышышты. Маркум менен коштошуу үчүн Экономика жана өнөр жай министри Акылбек Жапаров, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Туйгуналы Абдыраимов, Президенттин парламенттеги өкүлү Досалы Эсеналиевдер келишти.

Руслан Шаботоевдин сөөгү 30-сентябрда Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылынын жанынан табылган. 2008-жылдын 30-сентябрында Бишкек шаарындагы “Майкл” кафесинде отурган Руслан Шаботоевди түнкү саат үчтөр чамасында белгисиз бирөөлөр тышка чакырып кетип, ошол боюнча депутат дайынсыз жоголгон эле. (SA)

XS
SM
MD
LG