Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

А.Акаев фондунун жетекчиси прокуратураны айыптоодо


Өткөн айдын он бешинде соттук аткаруучулар, Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин кызматкерлери келип, мурдагы президент Аскар Акаевдин китепканасы делген имараттагы мүлктү эсептеп, мөөр басып кетишкен эле. Мындай аракетке Жогорку Соттун “имараттын бир бөлүгү мамлекеттин карамагына өтсүн” деген бүтүмү себепчи болгон. Ага нааразы болгон А.Акаевдин китепканасы фонду Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, китепкана аймагын бузуп киришкен мамлекеттик кызматкерлерге чара көрүүнү талап кылган.

Учурда ал талаштуу имараттын мыйзамдуу ээси экенин айткан Санатгүл Жамакеева, Башкы прокуратура ошондон бери эч кандай чара көрбөй жатканын, ал эми фонд өз мүлкүн имараттан чыгарып кете албай турганын билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG