Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Казакстан электр энергиясы үчүн 25 млн. доллар берүүгө даяр


Бул тууралуу казак президенти Нурсултан Назарбаев Азербайжанда кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен болгон жолугушуусунда билдирген. Казакстандын мамлекет башчысы кышкы жылуулук убагы жана келерки жаз үчүн электр энергиясына алдын-ала 25 млн. доллар төлөөгө даяр экендигин маалымдаган. Президенттер жолугушууда ошондой эле Казакстандын Жогорку окуу жайларында окуу үчүн кыргызстандык студенттерге орунду көбөйтүү маселесин да сүйлөштү, деп билдирет КР президентинин басма сөз кызматы.

Кыргызстан Өзбекстанга газ үчүн 18 млн. доллар карыз. Ал эми кыргызстандык газ керектөөчүлөрдүн “Кыргыз Газ” мамлекеттик ишканасына бересеси - 5 млн. долларды түзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG