Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Дааватчылар калпак-чепкен кийүүгө өтөт


Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Каныбек Осмоналиев дааватчылардын атайын кийими тууралуу жакында аталган агенттик Мусулмандар башкармалыгы менен биргеликте жыйын өткөрөрүн билдирди. Анда дааватчылардын узун көйнөк-дамбал кийип, чалма салынып жүрүүсүнө тыюу салынып, анын ордуна калпак чепкен кийүү сунушталарын айтты. К. Осмоналиев атайын жардыкка ылайык, дааватка чыгуу мөөнөттөрү бекигенин маалымдады. Эми мындан ары 40 күндүк дааватка уруксатты муфтият гана берет, казылар он күн, ал эми райондогу молдолор үч күнгө уруксат бере алышат. Соңку учурда ислам динин жайылтып жүргөн дааватчылар жана алардын жүрүш-турушу, кийими тууралуу эл арасында нааразылангандар көбөйө баштады, дейт К. Осмоналиев. (EBM)

XS
SM
MD
LG