Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:46

Түрмөдөгүлөр ВИЧти көбүнчө ийне аркылуу жуктурат


Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева “Азаттыкка” абакта ВИЧ илдетине чалдыккан адамдардын сексен пайызы бул ооруну ийне аркылуу жуктуруп алаарын билдирди. Азыр Кыргызстандагы үч абакта метадон менен дарылоо жүргүзүлүп жатканын айтты. Бүгүн ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча Борбор Азия жана Азербайжан парламенттери аралык жыйыны өттү. Анда бул илдетке каршы күрөшүүнүн натыйжалуу жолдору талкууланды.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG