Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:05

Кош бойлуу аялдар ВИЧ боюнча текшерилиши керек


Жогорку Кеңештин социал-демократтар фракциясынын депутаты Д. Ниязалиева “Азаттыкка” боюнда бар аялдарды ВИЧ боюнча сөзсүз текшерүүдөн өткөрүүнү шарттаган мыйзам керек, деп билдирди. Анын айтымында, жакында эле депутаттык комиссия эл аралык уюмдар менен биргеликте иликтөө жүргүзгөн. Анда 225 миңден ашуун кош бойлуу аял текшерилип, анын ичинен 54 аялда ВИЧ илдети табылган. 42 миңдей бала текшерилип, эки жүздөй бала ВИЧти алып жүргөнү анык болгон. Д. Ниязалиева эмгек мигранттар арасында ВИЧ/СПИДди азайтуу боюнча мыйзамдык базаны чыңдоо зарыл, деп баса белгиледи. (EBM)

XS
SM
MD
LG