Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

К.Бакиев С.Нарышкинди кабыл алды


Бүгүн өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев Россия президентинин администрациясынын жетекчиси Сергей Нарышкинди кабыл алды. Жолугушуу жабык эшик артында өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, жолугушууда эки өлкөнүн социалдык-экономикалык, аскерий жана энергетика багытында кызматташуу маселелери талкууланды. Сергей Нарышкиндин бүгүн эле мекенине кайтып кетери кабарланууда.(AiT)

XS
SM
MD
LG