Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

2010-жылдын бюджети тууралуу мыйзам долбоору ЖКке берилди


“2010-жылдын бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомол” тууралуу мыйзам долбоору бүгүн парламенттеги Коммунисттер фракциясынын кароосуна коюлат.

Ал эми “Ак жол” фракциясы телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча мыйзам долбоорун талкуулап, Нура айлындагы жер титирөөдөн жабыркагандарга берилген жардам тууралуу өкмөттүн маалыматын угат.

Социал-демократтар фракциясынын кароосуна “Камбар-Ата-1-2” ГЭСтерин куруу жана иштетүү жөнүндөгү” мыйзамдын күчүн жоготкону тууралуу мыйзам долбоору коюлат. Кечээ Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана жер байлыктарын пайдалануу комитети аталган мыйзам долбоорун караган. Анда баяндама жасаган мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Турсунбек Турдумаматов мыйзамдын күчүн жоготуу “Камбар-Ата-2” ГЭСине Өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар насыя алуу зарылдыгына байланыштуу келип чыгып жатканын билдирген. Анын айтымында мыйзамга ылайык “Камбар-Ата-2” ГЭСи мамлекеттик менчикте болгондуктан аны күрөөгө коюп, насыя алууга мүмкүн болбой жатат. Ошондуктан мыйзамды жокко чыгаруу зарылчылыгы келип чыгууда дейт Т. Турдумамбетов.(ZKo)

XS
SM
MD
LG