Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Келерки дүйнөлүк согуш кибермейкиндикте жүрөт


БУУнун Телекоммуникация боюнча агенттигинин башчысы Амадун Турэ мындай пикирин Женевадагы эл аралык жармаңкеде сүйлөгөн учурунда билдирди. Анын көз карашында келерки дүйнөлүк согуш, кокус башталса, кибермейкиндикте жүрөт жана ыктымал согушта ири державалар болбойт. Душманды жеңүү үчүн экономиканын чечүүчү тармактары, башкаруу чөйрөсү көз каранды болгон телекоммуникациялык системаны бузуу эле жетиштүү. БУУнун Телекоммуникация боюнча агенттигин башчысы жогорудагыдай сөздөрдү Интернет чөйрөсү боюнча адистер кибермейкиндиктеги кылмыштуулуктун өсүүсүнө каршы чараларды күчөтүүгө чакырып жаткан учурда айтты.

XS
SM
MD
LG