Баалкчы окуясы боюнча соттун бүгүнкү жараянында айыптылуучулар да, жактоочулар да судья Болот Дүйшембиевге ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн билдиришти. Соттук жараянда жактоочу Азимбек Бекназаров “Мыйзамсыз жол менен алынган далилдерди карап, сот иши калыс болбой жатат, сиз адилет эмес, ырайымсыз сот экенсиз” деп, ишти башка сотко өткөрүү өтүнүчүн билдирген. Учурда бул өтүнүчтү кароо үчүн танапис жарыяланды.
Мурунку соттук жаряндарда айыпталуучулардын айрымдары жок жерден күнөөлүү болуп отурушканын айтып, коюлган күнөөнүн баарын милиция күч колдонуу менен мойнуна алдыргандыгын билдиришкен. Алардын сурак протоколу мыйзамсыз жүргүзүлдү, ошондуктан аны жокко чыгарып бериңиз, деген өтүнүчүн сот Болот Дүйшөмбиев канааттандырган эмес.
23-июлдагы президенттик шайлоо учурунда Балыкчыда камакка алынган 23 кишиге “баш-аламандык уюштурган, конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган” деген айып коюлуп, камакка алынган. Кийинчерээк алардын айрымдарынын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Айыпталып жаткандар болсо шайлоодогу орун алган мыйзамсыздыктарга нааразылыгын билдирүү үчүн гана көчөгө чыгышканын айтып келишет. (КЕ)