Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

К. Бакиев КМШ президенттеринин саммитине барат


КР президенти К. Бакиев Молдованын борбору Кишинев шаарында өтүүчү КМШ президенттеринин саммитине катышуу үчүн эртең жөнөп кетет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Алмаз Турдумаматов “Азаттыкка” билдирди.

Алдын ала берилген маалыматтар боюнча саммитте президенттер гуманитардык тармакта кызматташуу, коопсуздук маселесин камсыз кылуу, дүйнөлүк каржы-экономикалык крисиз жана шериктеш өлкөлөрдүн мындан аркы кызматташууларын талкуулашат. Кишинев саммити бүгүн КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны менен башталат.

КМШ президенттеринин мурунку саммити былтыр Бишкекте болуп өткөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG