Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

АКШ Борбор Азияны Ооганстандын жабдуучусу катары сунуш кылууда


Вашингтондон түшкөн кабарларга караганда, Кошмо Штаттар учурда Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы операцияларды товар жана кызмат менен көбүрөөк камсыздоосун караган планды даярдап жатат. Бул бир эсе алардын экономикаларына жардам көргөзүүнүн жолу болмокчу. Сооданы жана инвестициянын кеңейтүүнүн жолдорун талкуулоо үчүн Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн жана Ооганстандын тышкы сооданы тейлеген министрлери ушул аптада Вашингтондо сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

АКШнын Соода өкүлүнүн орун басары Дементриос Марантистин билдиргенине караганда, алардын мекемеси учурда Пентагон жана башка агенттиктер менен Ооганстандагы операцияларды товар жана кызмат менен камсыздоодо Борбор Азия өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча иш жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG