Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

Медициналык окуу жайлардын лицензиясын текшерүү керек


Парламенттин депутаты Зульхабира Бекенова өкмөткө ушундай сунуш киргизүү керектигин билдирди. Анын айтымында акыркы мезгилде төрөттөн каза тапкан аялдардын санынын өсүп жатышына врачтардын кайдыгерлиги, сабатсыздыгы себеп болууда. “Медициналык окуу жайдын берген билим деңгээли “врач” деген квалификацияга туура келбейт. Ошондуктан өкмөт алардын лицензияларын текшерип, талапка жооп бербеген окуу жайлардын лицензияларын чакыртып алуусу керек”,-деди депутат айым.
Жыл башынан бери Кыргызстанда 58 эненин өлүмү катталган. Анын ичинде эки ай аралыгында төрт эне өлүмү катталган борборубуздагы №4 төрөт үйүндө жакынкы күндөрү дагы эки аял каза тапты. (AzK)

XS
SM
MD
LG