Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Бүгүн азери жана армян президенттери жолугат


Жолугушуу бүгүн Молдованын борбору Кишиневде өтөөрү күтүлүүдө. Ал жерде КМШ президенттери бүгүн –эртең кезектеги саммитке катышуу үчүн чогулушат. Ильхам Алиев менен Серж Саркисяндын сүйлөшүүлөрүндө Тоолуу-Карабах жаңжаалын жөнгө салуу менен байланышкан маселелер талкууланмакчы.

Бул жолку кездешүү Түркия менен Армения дипломатиялык алака орнотууну караган келишимге кол койоордон эки күн алдыда өтүүдө. Узактан бери касташып келген эки өлкө андай документке ушул ишембиде Швейцарияда кол койору күтүлүүдө.

Тоолуу - Карабах боюнча Азербайжанга колдоо көргөзүү ирээтинде Түркия Армения менен чек арасын 1993-жылы эле жаап салган жана чек ара азыркыга чейин ачыла элек.

XS
SM
MD
LG