Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Аскер кызматы учурунда каза тапкан жоокерлер эскерилет


Парламентте Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик кызматын өтөп жүрүп каза тапкан жоокерлерди эскерүү күнүн бекитүү боюнча токтом долбоору каралды. Баяндамачы Гүлнара Дербишева “Ак жол” фракциясынын жыйынында Баткен окуясын эске алып, анда курман болгон жоокерлерди эскерүү күнүн 18-сентябрга белгилөө сунушу айтылганын билдирди. Анткени бул күнү Кадамжай районунун Сырт айылында бир нече жоокер террористтер менен атышууда көз жумган. Парламентте бул датаны бекитүү укугу тууралуу маселе каралды. Депутат Динара Молдошева мындай даталуу күндү депуттар өздөрү бекитүүгө укугу бар экендигин белгиледи. Бирок президенттин парламенттеги өкүлү Досалы Эсеналиев токтомдо даталуу күндөрдү же майрам күндөрүн белгилөө өкмөттүн гана милдети экендигин белгилеп, парламент ошол күндү сунуштай турган укукта экендигин кошумчалады.(AzK)

XS
SM
MD
LG