Чек ара отряды экиге бөлүнүп, Ала-Бука районунда жаңы уюшулган өзүнчө чек ара аскер бөлүгүнүн имаратына жергиликтүү бийлик 140 миң сомдон ашык жардам берди. Шамалдуу-Сай чек ара отряды аталган шаардын ичкери жагына жылдырылды. Учурда чек ара бекеттерине көмүр ташылууда. Өзбекстандын чек ара бекеттери жабык бойдон кала берүүдө. Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын башчыларынын Өзбекстандын Фергана шаарында болгон жолугушуусунда кошуна өлкө Орозо, Курман айт күндөрү, өлүм- житим маалында кыргызстандыктарды чек арадан өткөрүп тураарын билдирген. (YA)