Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:40

Азери жана армян лидерлери Тоолуу-Карабахты талкуулашты



Ильхам Алиев менен Серж Саркисяндын сүйлөшүүлөрү кечээ Кишиневде өттү жана эки президент жакын арада кайрадан жолуккан жатат.

АКШнын Молдовадагы элчиси Роберт Брадтке кечээги сүйлөшүүнү “олуттуу жана конструктивдүү” деп мүнөздөдү. Ал эми Орусиянын элчиси Юрий Мерзляковдун айтымында, азери жана армян президенттеринин кийинки жолугушуусу жакын арада болот. АКШ, Орусия жана Франция - Тоолуу –Карабах жаңжаалын жөнгө салуу аракетинде уюштулган Минск тобунун мүчөлөрү.

Аналитиктердин пикиринде, Кишиневдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эртең Швейцарияда белгиленген иш –чара үчүн өтө маанилүү. Узактан бери касташып келген Түркия менен Армения эртең ал жерде дипломатиялык алака орнотуу жана мамилени нормалдаштыруу боюнча келишимге кол коюшары күтүлүүдө. Тарыхый келишимдер түзүлүүчү салтанатка АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон да катышканы жатат.

Толуу –Карабах жаңжаалында Азербайжанга колдоо көргөзүү ирээтинде Түркия Армения менен чек арасын 1993-жылы жаап салган жана чек ара али ачыла элек. Ал эми эки өлкөнүн касташуусунун башаты Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда армяндардын Осмон империясын тарабынан массалык кырылуусуна барып такалат.

XS
SM
MD
LG