Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Молдовадагы саммитке Борбор Азиянын төрт президенти катышпайт


Кишиневдеги бүгүнкү саммитте Борбор Азиядан жалгыз кыргыз президенти Курманбек Бакиев гана болот. Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын президенттери жыйынга катышуудан баш тартуу менен бирге өз ордуларына төмөнкү деңгээлдеги делегацияларын жөнөттү. Ал эми КМШнын курамынан былтыр жайда чыгып кеткен Грузия саммитте болбойт. Кабарларга караганда, украин президенти Виктор Ющенконун да жыйынга келээр-келбеси так белгисиз. Орус президенти Дмитрий Медведев быйыл августа Киевди «антиорусячыл саясат» жүргүзүп жатканы үчүн айыптаган.

Саммиттин расмий күн тартибине экономика, коопсуздук, гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкка байланышкан жыйырмадай маселе киргизилген. Ошондой эле КМШнын өзүнүн ишин кантип жакшыртуу маселеси да талкууланмакчы.

XS
SM
MD
LG