Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

2010-жылды бирдей мүмкүнчүлүктөр жылы деп жарыялоо сунушталууда


Мындай сунушту майып аялдар ассоциациясы көтөрүп жатат. Ассоциациянын жетекчиси Асипа Мусаеванын билдиришинче, 3- топтогу майып адамдар ишке жарамдуу деп эсептелет. Бирок бүгүнкү күндө алардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ассоциация парламенттин өкүлдөрү менен биргеликте бул маселени чечүү үчүн жаңы долбоор иштеп чыгышкан.
Асипа Мусаеванын айтымында, анда майып адамдарга жумуш берүүдөн баш тарткан уюмдарга карата көрүлө турган чаралар жазылган. Кыргызстанда учурда расмий маалыматка караганда 128 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт. Алардын 21 миңи балдар. (AzK)

XS
SM
MD
LG