Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Исмаил Исаковдун соту 14-октябрда уланат


Мурунку коргоо министри Исмаил Исаковго байланыштуу соттук териштирүү 14-октябрда болот. 9-октябрга белгиленген сот айыпталуучунун адвокаты М. Чолпонбаевдин ооруп калганына байланыштуу бул жумага жылдырылган. Соттук териштирүүнү Бишкек гарнизондук сотунун судьясы Серик Абиев жүргүзүп жатат.

Мурунку коргоо министри Исмаил Исаковго кызмат абалынан пайдаланган, бюджеттик каражатты максатсыз сарптаган деген айыптар коюлуп, үч кылмыш иши ачылган. Кылмыш иштери Исмаил Исаков президенттин башкаруу саясатына макул эместигин билдирип, Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан бошотуу тууралуу өткөн жылы 10-октябрда арыз жазгандан кийин козголгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG