Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Баткендиктер курулуш үчүн 255 млн сом сарпташкан


Мындай маалыматты Баткен облустук акимчилигинен “Азаттыкка” билдиришти.
Маалыматка караганда, аймакта жашоочулар турак жай куруу үчүн жыл башынан бери 265 млн сом сарпташкан. Мунун негизинде Баткенде жаңыдан 400гө жакын үй курулуп, пайдаланууга берилген. Ал эми жергиликтүү куруучу адистердин айтымында, коопсуздук эрежелери сакталбастан, ар ким өз билгениндей курулуш жүргүзүүдо. Көзөмөлдүн жоктугу ар кандай күтүлбөгөн кырсыктарда кесепетин тийгизиши да мүмкүн. Ошондой эле жаңы конуштарда социалдык тейлөө, жол-суу, электр жарыгы сыяктуу маселер да оор бойдон калууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG