Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:57

Жалал-Абадда үй талашкандардын чатагы уланууда


Облус борборунда үй-жайсыз жүргөн 33 үй-бүлө облустук сотко кайрылды. Алар Жалал-Абад шаардык сотуна ишеним көрсөтпөй тургандыгын билдирип, 2005-жылы кирип алган көп кабаттуу үйлөрдү өздөрүнө калтырууну өтүнүштү. Үйсүздөрдүн өкүлү, жоопкер Арстан Жээнбековдун айтымында, шаардык сот Элдердин Достугу Университетинде иштейт деген адамдардын үч башка чыккан тизмесин эске алган эмес. Университеттин ректору Азат Караматов Жогорку сот окуу жайдын менчиги деп тааныган турак-жайлардан үйсүздөрдү чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылганын, бирок түрдүү шылтоолор менен маселе бир жарым жылдан бери чечилбей келатканын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG