Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Токтогул суу сактагычындагы суу 12,8 метр кубга жетти


“Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча бул көрсөткүч бир жума мурдагыга салыштырмалуу 100 млн. метр кубга көп. Ал эми былтыркы көрсөткүчтөн 2 млрд. метр куб ашык. Маалыматта айтылгандай суу сактагычка агып кирип жаткан суунун көлөмү секундуна 580 метр кубду түзүүдө, ал эми сарпталган суу секундуна 352 метр куб болуп жатат.

Токтогул суу сактагычындагы суунун тиешелүү өлчөмдөн аз болуп жатканына байланыштуу кыргыз өкмөтү калкка электр энергиясын берүүнү чектөөдө. 1-октябрдан тартып Кыргызстандын бардык аймактарында түнкү саат 12ден тартып 5 саат электр энергиясы өчүрүлүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG