Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Обама "ооган стратегиясын” жакынкы апталарда айтат


Барак Обама бүгүн “ооган стратегиясы” боюнча өзүнүн жардамчылары менен кезектеги жыйынын өткөрөт. Президент бүгүн Вашингтондо журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: “Америкага жана анын өнөктөштөрүнө кол салышы мүмкүн болгон “Ал-Каида” менен анын экстремисттик топторун түп тамырынан жок кылуу - биздин башкы максатыбыз, - деп айтты Обама. – Албетте, биз региондо стабилдүүлүктүн орношуна, бир эле Ооганстанда эмес, Пакистанда да тынчтык болушуна кызыкдарбыз”.
“Ооган стратегиясы” боюнча бүгүнкү жыйын бешинчи жолкусу болмокчу. Ага вице-президент Жо Байден, Коргоо министри Робертс Гейтс жана аскерий жетекчиликтин өкүлдөрү катышат. Алар Ооганстанга кошумча он миңдеген аскерди жиберүү керекпи-жокпу деген маселени талкуулашат.

XS
SM
MD
LG