Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

АКШ Орусияны стратегиялык кызматташтыкка үндөдү


АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон кечээ Москвада орус президенти Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүдө Вашингтон Москва менен стратегиялык кызматташтыкка дилгир экенин айтты. “Ирандын, Түндүк Кореянын өзөктүк программалары, адролук куралды таркатпоо жана башка маанилүү маселелерде АКШ менен Орусия лидерлик көрсөтүп, жакшы кызматташтыгы менен башкаларга өрнөк боло алат”, - деди Клинтон. Шейшембиде ал Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да жолугушкан жана Орусияны Ирандын өзөктүк программасы боюнча талкууларда “үзүрлүү кызматташтыгы үчүн” мактады. АКШнын мамкатчысы бүгүн МГУнун студенттери менен жолугушуп, Татарстанга барат.

XS
SM
MD
LG