Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

И.Чудинов ШКУнун жыйынына катышууда


Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, премьер-министр Игорь Чудинов бүгүн Бээжинде болуп жаткан Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынына катышты. Жыйында сөз сүйлөгөн кыргыз өкмөт башчысы дүйнөлүк финансылык кризистин айынан ШКУ өлкөлөрү менен соода көлөмү азайганын жана аны четтетүү боюнча тийиштүү чечимдерди кабыл алуу зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле кризистен чыгууну караштырган биргелешкен чечимдерди кабыл алуу боюнча Кытайдын сунушуна колдоо көрсөткөн. ШКУнун өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны келерки жылы Бишкекте өтмөкчү.(AiT)

XS
SM
MD
LG