Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Көп кабаттуу үйлөрдү өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салынат


Мындай норма турак жай Кодексинин жаңы редакциясына киргизилди. Бул туурасында Кодекстин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча ведомство аралык жумушчу комиссиянын жыйынында айтылды. Комиссиянын мүчөсү Калича Умуралиеванын айтымында, турак жайды өз алдынча өзгөртүп курулуш жүргүзүүгө аракет кылган адам мыйзам чегинде жооп берет.

“Кыргызстандын 96 пайыз аймагы 7-8 баллдык сейсмикалык кооптуу зонада жайгашкан. Ал эми акыркы мезгилдерде көп кабаттуу үйлөрдө түрдүү максатта өз алдынча оңдоп түзөө иштери күч алды. Бул турак жайды пайдаланууда кооптуу кырдаалды жаратат”,-дейт эксперт.

Жумушчу комиссиясы октябрь же ноябрь айында турак жай кодексинин долбоору боюнча эки күндүк парламенттик угууну пландаштырып жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG