Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

MGN Group Камбар-Ата 2 ГЭСин каржылоого тартылган эмес


MGN Group компаниясынын алдындагы MGNCapital компаниясы Кыргызстандын өнүктүрүү фондуна каржылык кеңешчи катары тандалып алынган. Бул компания Камбар-Ата 2 ГЭСи менен кошо экономикалык долбоорлорго эксперттик баа берет. Бирок ГЭСтин курулушуна тигил же бул сумманы багыттоо чечими Өнүгүү фондунун директорлор кеңеши жана башкармалыгы тарабынан кабыл алынат. Ал эми MGN Group компаниясынын алдындагы MGN Asset Management компаниясы келишимдин шарттарына ылайык, Кыргызстандагы экономикалык долбоорлорду каржылоого тиешеси жок эркин каражаттарды башкарат.

Мыйзамга ылайык Өнүктүрүү фонду каражатты биринчи кезекте реалдуу сектордогу долбоорлорго жумшайт. MGN Asset Management компаниясы Өнүктүрүү фондунун брокерлик милдетин аткарат. Ал фонддун тапшыруусу менен жергиликтүү жана эл аралык фонд рыногунда баалуу кагаздарды алып турат, -деп түшүндүрмө берет MGN Group компаниясынын маалымат кызматы. (AzK)

XS
SM
MD
LG