Спорт чебери Раатбек Санатбаевдин эстелиги 17-октябрда Свердлов районунун адистешкен балдардын жана уландардын спорт мектебинде ачылат. Бул тууралуу Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын президенти Арзыбек Кожошев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, аталган мектепке Р.Санатбаевдин аты ыйгарылган. Эстеликтин ачылышы учурунда спорт чеберин эскерип, митинг өтөт. (КЕ)