Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Австралияда 5 мусулман киши соттолууда


Австралияда 5 мусулман теракт уюштуруу аракети үчүн күнөөлү деп табылды. Сидней соту аларга бомба үчүн химиялык заттарды жана бомба жасоонун инструкцияларын даярдашкан деген айып таккан. Күнөөлөнгөндөр өмүр аягына чейин түрмөгө кесилиши ыктымал. Сот процесси дээрлик 1 жылга созулду. Тергөөчүлөр алар Австралиянын Жакынкы Чыгыш саясатын өзгөрттүрүү үчүн ири теракттарды уюштурууну көздөшкөн деген жыйынтыкка келишти. Австралия аскерлерин Ооганстан менен Иракка жиберген. Прокурорлордун маалыматына ылайык, соттолуп жаткандардын бири Пакистандагы террористтердин лагеринде машыгуудан өтүп келген.

XS
SM
MD
LG