Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Косово менен Македония чек ара боюнча келишимге жетишти


Эки тарап чек араны аныктоо боюнча макулдашууга бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин жетишкенин Косовонун өкмөтү жарыялады. Эми бул окуя эки ортодо толук кандуу дипломатиялык мамиле орношуна алып барары күтүлүүдө. Мурдараак Македония Косовонун көз карандысыздыгын тааныган, бирок чек ара боюнча талаш жөнгө салынмайынча дипломатиялык алака орнотуудан баш тарткан болчу.

Приштинада чек ара келишимин мамлекеттүүлүктү бекемдөө жолундагы дагы бир кадам катары баалашты. Косовонун премье-министринин кеңсеси келишим “аймактык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана стабилдүүлүккө” салым кошоорун билдирди. Македония менен Косовонун чек ара макулдашуусун АКШ менен Евробиримдик да кубаттады.

Косово Сербиядан көз карандысыздыгын 2008-жылдын февралында жарыялаган. Азыркыга чейин аны 62 мамлекет тааныды.

XS
SM
MD
LG