Окуя ушул бейшембиде Колорадо штатында болгон эле. Алты жаштагы Фолкон Хиндин ата –энесинин уулун балким алар өздөрү жасаган жана гелий заты менен толтурулган шар учуруп кетти деген маалыматынан кийин штаттын полициясы шашылыш чараларды көрө баштаган эле. Учуп бара жаткан шарды америкалык телеканалдар түз ободо алып көргөзгөн. Бирок учуучу аппарат бир сааттан кийин конгондон кийин бала анын ичинде эместиги айкын болгон. Ал үйүндө эле бекинип жаткан жеринен табылган. Эми Колардонун полициясынын билдиргенине караганда, Фолкон Хиндин ата –энесине же алардын бирөөсүнө айып коюлат. Баланын атасы аба шаары менен байланышкан окуя атайлап уюштурулган деген ырастоолорду төгүндөгөн.