Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

Иранда бүгүнкү кол салуудан революциялык гвардиянын эки генералы каза тапты


Окуя өлкөнүн түштүк –чыгышында болду. Жанкечти жасаган жардыруудан каза тапкан 20дай кишинин арасында Ирандын элиталык аскерий бөлүгү – Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку даражалуу эки офицери да бар. Ирандын маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, курман болгондор – революциянын сакчылар корпусунун кургактагы күчтөрүнүн командачысы, генерал Нурали Шуштари жана копустун Систан - Балучистан провинциясындагы күчтөрүнүн командачысы, генерал Мохаммад Задехе. Бул эки колбашчынын бүгүнкү кол салуудан каза тапкан Иран парламентинин спикери Али Ларижани теледен түз ободо көргөзүлгөн жыйында ырастады.

Расмий ИРНА жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, жанкечти өзүн аталган эки генерал жергиликтүү уруу башчыларынын жыйынына катышып жаткан кезде жардырып жиберген. Окуя болгон Систан –Балучистан - Ирандын Ооганстан жана Пакистан менен чектеш провинциясы. Мурдан иран бийликтери бул провинциядагы кол салуулар үчүн сунниттердин “Жундалла” же “Алланын жоокерлери” деген тобун айыптап келген. Аталган топ шийиттер үстөмдүк кылган Ирандын өкмөтүнө каршы.

Систан –Балучистан провинсиясында болсо исламдын сунни багытын карманган жана аз сандагы балучилер жашайт.

XS
SM
MD
LG