Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Өкмөт Ташкент сапарынын жыйынтыгын жарыялайт


Кыргыз өкмөтү Өзбекстандын бирдиктүү энергетика системасынан чыккандан кийинки кадамдарын бүгүн жарыялашы ыктымал. Энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдов менен “Кыргызгаз” мекемесинин башчысы Саламат Айтикеев өткөн аптада расмий Ташкент менен газ жана энергетика боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Өзбекстан Борбор Азиядагы бирдиктүү электр түйүнүнөн 17-октябрда чыгарын жарыялаган. Кыргызстандын газ боюнча карызы 18 миллион долларга жетти деп 24-сентябрдан тарта көгүлтүр отун берүүнү чектеген. (EBM)

XS
SM
MD
LG