Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы белгисиз


Газ жана энергетика боюнча өткөн жума, ишемби күндөрү болгон эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы азырынча белгисиз. Ташкенде өткөн сүйлөшүүгө катышып келген энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министри И. Давыдов менен “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси С. Айтикеевдин бул сапары боюнча учурда Өкмөт үйүндө жабык эшик артында жыйын болуп жатат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашты. Кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат азырынча берилбестигин “Кыргызгаз” ишканасы менен энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министрлиги да билдирүүдө.

Белгилүү болгондой Кыргызстан Өзбекстанга көгүлтүр отун үчүн 19 млн. доллар карыз. Буга чейинки сүйлөшүүлөр учурунда карыздын 4,6 млн. доллары төлөнгөнү кабарланган. 1-вице-премьер-министр Ө. Бабановдун 16-октябрда парламентте билдиргени боюнча Кыргызстан тарап Ташкенге барган акыркы сапарында Өзбекстандын Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетика системасынан чыгуу демилгесин да талкууга алышмакчы болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG